7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды

491

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам борбордун эки тургунун жалпы 850 миң сомго алдап кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «алдамчылык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Шектүүгө карата милицияга эки арыз келип түшкөн. Алардын биринде жабырлануучу 2020-жылдын 13-сентябрында арыз ээсинин 300 миң сомдук Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасын алып, 2 ай ичинде акчасын берем деп алдап, из жашырып качып кеткен. Ал эми башка жаранды дагы дал ушундай жол менен алдап, убадасын аткарбай 550 миң сомун ээлеп алган. Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал СИЗО-1ге бир айга камалган», деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери жогорудагы шектүүдөн жапа чеккендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну өтүнөт: 0312352605, 0312352947, 0551102197, 0500166133 жана 102.

492