
Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси 27-28-февралда өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:
-Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;
-Биринчи Май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
-Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.Жарманкедеги азык-түлүктөрдүн баалары:
- Уй эти – 390-405 сом
- Жылкы эти — 380-390 сом
- Кой эти — 410 сом
- Тоок эти — 190-200 сом
- Суу май (раст масло) — 118-125 сом
- Жумуртка 10 даана — 85-90 сом
- Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом
- Кум шекер — 56-57 сом
- Күрүч — 55-60 сом
- Алма — 30-50 сом
- Сабиз — 10-12 сом
- Картөшкө — 23-30 сом
- Пияз — 15-16 сом