7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэри абанын булганышы боюнча жыйында эмнелерди айтты?

665

Бүгүн Бишкек шаарынын  мэриясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын абасынын булганышы боюнча ведомстволор аралык кезексиз комиссиянын пландык жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө кара түтүн менен күрөшүү, булгануунун ар кандай деңгээлдериндеги оорулардын алдын алуу алгоритми, коомдук транспорттун экологиялык түрүн өнүктүрүү планы жана маршруттук схемаларды оптималдаштыруу ыкмалары жана башка маселелер да каралды.

Эмилбек Абдыкадыров каралып жаткан маселелердин приоритеттүүлүгүн белгилеп, түтүн көйгөйүн узак мөөнөттүү чечүүгө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Шаардык жана тиешелүү кызматтарга Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча кадамдык иш-чаралардын планына бир жумалык мөөнөттө киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666