7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэри эл каттоодон өттү

630

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иш күнүн эл каттоо анкетасын толтуруу менен баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл каттоочу смартфондогу атайын тиркеменин жардамы менен мэрдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана турак-жай фондусунун маалыматтарын тактады.

Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын эл каттоого активдүү катышууга чакырып, масштабдуу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүнтөн баштап жалпы калкты каттоо башталып, ал 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат. Эл каттоонун мөөнөтү Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

Эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон КРнын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, алар өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоону жүргүзүшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631