7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек: Суу ресурстары агенттигинде 1,4 млндук мыйзам бузуу аныкталды

709
Суу чарба мамлекеттик агенттигинин 2019 -жылдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча 1 миллион 453,6 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
  1. Каражаттарды сарптоодогу мыйзам бузуулар жана кемчиликтер 1 млн 380 миң сомду түздү.
  2. Анын ичинен негизсиз эмгек акы 282 миң сомго бааланган.
  3. Вегетация мезгилинин башталышында жана өндүрүштүн өсүшүндө техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга тиешеси жок Чүй райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысына 178,8 миң сом кошумча төлөнгөн.
  4. Материалдык баалуулуктарды жана акчаны негизсиз эсептен чыгаруу 230,4 миң сомду түздү.
  5. Өкмөттүн иш сапар чыгымдарынын нормаларын белгилөө жана аларды кайтаруу тартибин бузуу менен ашыкча төлөм 46,4 миң сомго жеткен
  6. Курулуш -монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыкча баалоо 631,7 миң сомго бааланган.
  7. Анын ичинде суу чарба объектилерин куруу дирекциясы курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн 363,1 миң сомго,
  8. «Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Суусамыр суу сактагычынын курулушу» долбоору боюнча 100,5 миң сомго ашыкча көрсөтүшкөн.
  9. Бухгалтерияда катылган дебитордук жана ашыкча кредитордук карыздар 185,9 миң сом суммасында аныкталган.
  10. Бюджеттин жана Социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешелери 40 миң сомду жана 30,7 миңди түздү.

Ошентип резервдер жана бюджеттин жоготуулары  4 миллион 360,8 миң сом суммага чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710