7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 10 миң 378 жаран эмдөөдөн өтсө, 315и экинчи ирет алгандар

584

Бишкекте COVID-19га каршы 10 миң 378 жаран эмдөөдөн өттү, анын ичинен 315и экинчи өлчөмүн алгандар. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын медициналык жардам уюштуруу электрондук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Ошондой эле, 1 миң 649 медициналык кызматкер, 345 билим берүү тармагынын кызматкерлери, 344 мамлекеттик кызматкерлер, 3 миң 751 адам 65 жаштан ашкан жарандар, 104 укук коргоо кызматкерлери жана 4 миң 595 ыктыярдуу түрдө алгандар.

Белгилей кетсек, эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жүргүзүлүүдө. Кытайдын «Синофарм» жана Россиянын «Спутник ви» вакциналары колдонулууда. Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен «Эмдөө» ишеним номерине: 31-32-97 жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585