7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 10 окуучу тез татымдан ууланышкан

600

5-майда Бишкекте “Эл эмне жейт” тез татымдан 10 окуучу жана алардын мугалими ууланган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова билдирди.

Дарыгердин айтымында, алардын бары аталган тез татымдан шаурма жешкен. Андан кийин кинотеатрга барып, сейил бакта сейилдешкенден кийин ичтери ооруй башташкан. Мугалим тез жардам чакырып, балдар ооруканага жаткырылган.

“Алар Бишкекте бараткан жолдо Фрунзе дүкөнүнө кирип, “Тойбосс”, “Кав Кев” маркаларынан бутерброд сатып алышкан экен. Шаурма жебеген бала дагы ууланган”, — деди Эсенгулова.

Дарыгер бул боюнча лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөндө тамак-аштан дагы, балдардын анализинен дагы стафилококк ауреус, ичеги таякчасы тобунун бактериялары табылганын билдирди.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө “Эл эмне жейт” тез татымы жабылып, тиешелүү документтер милицияга өткөрүлүп берилген жана кылмыш иши ачылган”, — деди ал.

Ал белгилегендей, тез тамактануучу жайдын бардык кызматкерлеринин ден соолук китептери жок жана кафенин иштөөсүнө уруксат кагаздары да жок.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында “Эл эмне жейт” ишканасына 41 миң сом, “Тойбосс” ишканасына 23 миң сом, “Кав Кев” ишканасына 40 миң сом айып салынды”, — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601