Бишкекте 12 айдын ичинде 1917 трансформатор оңдолду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Мындан тышкары, быйыл Бишкекте жаңы 110/10 кВ «Мурас» жогорку чыңалуудагы көмөк чордон курулуп, пайдаланууга берилди. Бул көмөк чордон төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:
- 40 000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор;
- 110 кВ элегаз өчүргүчтөр;
- 110 кВ ажыраткычтар;
- 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттик бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН).
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 6 көмөк чордондун жабдуулары;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 336 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 26,7 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 148 км электр аба чубалгылары.
Ошондой эле төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
- 220-110/35 кВ чыңалуудагы 560 км электр аба чубалгылары;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2175 км электр аба чубалгылары;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик аба чубалгылары.
Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 12 ай ичинде:
- 2850 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
- 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 зымдар менен алмаштырылды;
- 31 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
- 32 км электр аба чубалгылары СИП-3 зымдар мене тартылды;
- 6 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
- 33 трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды.



