7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм бычак менен коркутуп, каракчылык кылууга шектелип жатат

553

Бишкекте тоноочулукка шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну кайрылып, 8-март күнү базарлардын биринде бир жигит уулун бычак менен коркутуп, 14 миң 100 сомдук уюлдук телефонун уурдап кетип, изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «каракчылык» менен иш козголду. Укук коргоо кызматкерлери 16 жаштагы шектүүнү таап, кармашкан. Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын үй камагында калтырган. Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун тактоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

554