7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 25 жаштагы жигит майнинг ферма түзүүгө шектелип жатат

493

Майнинг фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг фермаларды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 1997-жылы туулган Кыргызстандын жараны тарабынан “Түндүк электр” ААКтын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жолу менен майнинг фермаларды түзүп криптовалюта алуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери уюштурулганы аныкталган.

3-мартта Бишкек шаарында жайгашкан “Тихий-Замок” мейманканасынын жер төлөсүндө “Түндүк электр” ААКтын электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар криптовалюта өндүрүү үчүн жабдылган майнинг ферма табылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК тарабынан майнинг өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган, бул аталган майнинг ферманын мыйзамсыз иштешин көрсөтүп турат. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494