7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 4 мектеп жана 3 бала бакча карантинге жабылды

494

Бүгүн,  Бишкек шаарында 4 мектеп жана 3 бала бакча коронавирус оорусуна байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 19 мектеп карантинден кийин салттуу окутуу режимине кайтты.

Ошентип, Ленин районундагы №9, 13 мектептер жана Октябрь районунда №14 мектеп онлайн форматта окуп жатат. Ошондой эле №104, 148 жан 61 бала бакчалар карантинге жабылган.

Салттуу окутуу режимине Октябрь районундагы №17, 26, 62, 88; Биринчи май районундагы №6, 18, 28, 70, 61, 48; Свердлов районундагы №4,11,12,30,32,38,67,52, 33 мектептер кадимки окууга кайтты.

“Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар. Сиздерди жана сиздердин жакындарыңыздарды сактоонун төрт гана эрежеси бар: бет кап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң башкысы эмдөөдөн өтүү”, — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

495