7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 5 ай мурда каза болгон аялдын жакындары изделип жатат

1414

Өткөн жылдын 29-октябрында «Коломто» баш калкалоочу жайынан Бишкек шаарындагы №4 шаардык клиникалык ооруканага болжол менен 40-45 жаштагы аял киши жеткирилген. Ал эсине келбей көз жумган. 

Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Милиция каза болгон жарандын өздүгүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык, мурду түз, чачы кара жана кыска, кашы түз. Мезгилге жараша кийинген. Ошондой эле аялды Ош облусунун тургуну Кулукова Гүлмира деп атап жүргөнү белгилүү болгон.

Сүрөттөгү аял кишини тааныгандар болсо, (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 номурларына жана «102» кызматына кабарласа болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1415