7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 жаран кармалды

638

Бишкекте денеге оор залал келтирүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 5-декабрь күнү «102» кызматына борбордук өлүкканадан чалуу болуп, аларга белгисиз адамдын сөөгү түшкөнүн айтышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 1969-жылы туулган А.А. болуп чыккан. Анын денесинен жаракаттар аныкталган.

Аталган факты Ленин райондук милициясына каттоого алынып, Кылмыш-жаза кожексинин «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык жана Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталып, 1971-жылы туулган К.С., 1991-жылы туулган Ы.У. жана 1986-жылы туулган И.В.лар кармалган. Сот кармалгандарга карата 1 айга камоо чечимин кабыл алды.

Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639