7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Ак үй Кейжи» кооперативинин негиздөөчүсү кармалды

717

Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

10-мартта Биринчи Май РИИБге аял киши арыз менен кайрылып, «Ак үй Кейжи» кооперативинин уюштуруучусуна чара көрүүнү суранган. Маалыматка караганда, ал 679 миң 200 сомго унаа жана кыймылсыз мүлк берем деп, 369 миң 600 сом акча каражатын алдоо жолу менен алып, андан соң убадасын аткарбастан, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1986-жылы туулган кармалган. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718