7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ала качууга шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

712

Үйлөнүү максатында кыз уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 20:20 чамасында «102» номерине Шопоков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кыз уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери келишкен. Алар белгисиз адамдар зордук-зомбулук менен коркутуп, кызды «Субару Легаси» унаасына отургузуп кетишкенин аныкташкан.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБине жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713