7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

717

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев “Дордой Моторс” базарында болуп, азык-түлүктөрдүн баасына көз салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте базардын сатуучуларына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Район башчысы социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири «Фрунзе», «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринин арасында да түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718