7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте башкы балатынын оту жанды (видео)

456

Бүгүн борбор калаадагы Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жанды.

Салтанатттуу саамалыкка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт тартууланды. Ошондой эле майрамдын жүрүшүндө оюн-зоок программасы, музыка жана бий спектаклдери көрсөтүлүп, балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүү аянтчасы уюштурулду.

Быйыл жылдыгыдан айырмаланып, Ала-Тоо аянтында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, эс алуучу жайлар менен камсыздалды.

Жаңы жылдык балаты фонтан комплексинин ортосуна орнотулуп, анын айланасы улуттук боз үй жана башка жаңы жылдын символдору менен кооздолгон. Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

457