Бишкек шаарындагы «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинин аймагында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек жунушалиев катышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө питомник көрктөндүрүлүп, жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин алкагында бир катар тапшырмаларды берди.
Бүгүнкү күндө бул жерде 20дан ашык түрдөгү дарактардын 93 миңден ашык көчөтү өстүрүлүүдө.
Алар кийин шаардын аймагына отургузулат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



