7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Ч. Айтматов проспектинин бир бөлүгү 1-январдан тарта убактылуу жабылат

154

2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.

Мэрия курулуш мезгилинде тургундардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убактылуу жабылуу зарыл экенин белгиледи.

Тургундарга бул чектөөлөрдү эске алуу менен маршруттарын алдын ала пландаштыруу сунушталат.

155