7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Чернобыль апаатынын 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

756

Бүгүн, 26-апрелде Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль авариясынын кесепеттерин жоюунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, «Чернобыль Союзу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, авариянын кесепеттерин жоюучулар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары катышты.

 

“Бул күнү биз оор жана кооптуу шарттарда өз өмүрүн аябастан кырсыкты жоюу үчүн эр жүрөктүк менен күрөшкөндөрдүн алдында башыбызды ийебиз. Булардын каармандыгы жана баатырдыгы менен гана радиациянын андан ары таркап кетишти токтотулду. Кырсыктын кесепеттерин жоюунун катышуучуларына баатырдык иш-аракеттери үчүн чоң ыраазычылык билдирем”- деди Коргоо министринин орун басары полковник Карасартов.

 

Ошондой эле митингдин катышуучулары курман болгондорду эскерип, Чернобылдыктардын эстелигине гүл коюшту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757