Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн «СК Эверест Групп» ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Белгилей кетсек, курулушка уруксат берүүчү документтеринин жокутугуна карабастан, компания тарабынан өз алдынча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде узундугу 40 метр, туурасы 25 метрлик диафрагма жана колонналар салынган. Бул аракеттер «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамын бузуу болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө мыйзам бузуу фактысы боюнча иш Октябрь райондук сотунда каралууда.



