Милициянын кайгуул кызматында 2 ай ичинде аткарылган иштер боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.
Кайгуул кызматкерлери тарабынан 2 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 56 996 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.
Алардын ичинен :
— Унаага тийиштүү документтери жок айдоо — 372;
— Мас абалында авто унаа башкаруу — 600;
— Авто ээнбаштык — 7;
— Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо — 144 ;
— Коопсуз курун тагынбай унаа башкаруу — 14870;
— Токтоо эрежелерин бузуу. Тыюу салынган жерлерде унааларды токтотуу — 32912;
— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 19 181;
— Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3889 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан бүгүнкү күндө 21 миллион 401 миң 750 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.
Ошондой эле 2 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан «102» линиясы боюнча 10 миң 330 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген.
Алардын ичинен:
— Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар — 2878;
— “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилгендер — 258.