7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эки кабаттуу имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

393

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан аянты 772,6 чарчы метр, 2900 чарчы метр жер тилкеси бар социалдык багыттагы эки кабаттуу имарат мурда мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган фактысы аныкталды.

Алсак, 1995-жылы ошол кездеги ченемдерди жана нормаларды бузуу менен Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстелиги болуп саналган бул социалдык мүлктү юридикалык жак 10 миң 759 сомго мыйзамсыз менчиктештиргендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мүлктүн ээси бул мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, коммерциялык максатта пайдаланып жаткан эки кабаттуу имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү өз ыктыяры менен билдирген.

Учурда бул эки кабаттуу имарат Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп, ал социалдык максаттарга пайдаланылат.

394