7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эки министрликтин кызматкерлери кармалды

207

Курулуш министрлигинде жана ӨКМде коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек боюнча МАККБ инспектору А.Т.Д. жана Бишкек жана Чүй облусу боюнча ӨККБ улук инспектору С.М.А. өз ара сүйлөшүп алып, Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехинин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап созуп, натыйжада А.Т.Д. тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн КР жаранынан 2000 доллар опузалап алган.

Өз кезегинде С.М.А. кол койгондугу үчүн «МБанк» мобилдик тиркемеси аркылуу 27 миң сом акча каражатын которууну талап кылган.

Топтолгон материалдардын негизинде, КР КЖК 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 5-ноябрда акча алып жаткан жеринен А.Т.Д. жана С.М.А. кармалышкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

208