7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эки жыл мурун унаа уурдагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү кармалды

424


Криминалдык милиция кызматкерлери Бишкекте эки жыл мурун унаа уурдагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 26 жаштагы кылмышкерди кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


«2019-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун үйүнүн жанында токтоп турган ак түстөгү «Субару Легаси» унаасын уурдап кетишкен. Кийин белгилүү болгондой, чет элдик унаа жакында эле Грузиядан алынып келинип, унаага транзиттик номурлар орнотулган. Ээсине келтирилген чыгым 586 миң сомду түзгөн. Ошол эле жылдын декабрь айында ыкчам кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактоого жетишкен жана ал издөөдө жүргөн адамдардын тизмесине киргизилген», — деп берилет маалыматта.


Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, кылмышкер Бишкек шаарынын Көк-Жар турак-жай аймагындагы Шоокум көчөсүндө кармалган. Белгиленгендей, кылмышка шектүү ИИМдин атайын эсебинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Уурдалган унаа азырынча табыла элек. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

425