7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте имараттар бузулуп жатат. Эмне себептен?

226

Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөсүндөгү имараттардын буздурулуп жатышы боюнча түшүндүрмө: Аталган даректе имараттардын буздурулушун көрсөткөн видео соцтармакта ар кандай жоромолдонуп жатканына байланыштуу тактык киргизүүнү туура көрдүк.

Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкө боюнча Кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзам алкагында Президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга каттаткан мүлктөрүн, анын ичинде Бишкектеги Киев көчөсү 96 дарегиндеги имаратты өзүнө каттатканын билдирген.

Бул кадамы менен мамлекет башчысы активдерин башкаларга каттаткандарды же чет жакта кармагандарды ресурстарын өлкөгө кайтарууга, легалдуу иштөөгө үлгү катары көрсөтүп чакырык жасаган.

Имараттын буздурулуп жатышы болсо анын жанында кошуна жайгашкан башка курулуш обьектилеринин кожоюндарынын өз имараттары менен бирге Киев көч 96 дарегиндеги обьектини да бузуп, кеңейтилген жер тилкесинде көп кабаттуу ири комплексти куруу сунушу жана демилгесине байланыштуу.

Башкача айтканда соцтармакта сөз болгондой бир эле имарат эмес, ага жакын жайгашкан башка курулуштардын да бузулушу күтүлүүдө.

Демек бул аракет кошуна имараттардын кожоюндарынын өз ара макулдашуусунун жыйынтыгы.

Кошуна жайгашкан имараттардын ордуна бир ири комплекс курулуп бүткөндө ал курулушка салым кошкондорго үлүштүк негизде таандык болуп калат.

227