7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Индиянын жаранын чечиндирип тоноп кеткен шектүүлөр кармалды

658

Индиядан келген жаранды чечиндирип тоноп кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 19-октябрда ал жаран милицияга кайрылып, Москва көчөсүндө белгисиз адамдар аны коркутуп, 3 миң АКШ долларын, 7 миң сомун, төрт iPhone телефонун, дагы үч Redmi телефонун, ноутбук, наушник, саат, куртка, футболка жана бут кийимин алып кетишкендигин билдирген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин («Каракчылык») негизинде реестерге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ленин райондук соту төрт шектүүнү Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, 17 жаштагы Н.О., ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берген.

Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659