7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жай уюштурган 2 адам аныкталды

320

Интимдик кызмат көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча алдын алуу иштер улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Профилактиканын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан социалдык жоопкерчилиги төмөн 19 кыз аныкталып, алардын өздүгүн аныктоо үчүн Биринчи Май РИИБге жеткирилген.

Андан соң кол издери алынып, сүрөткө тартылып, профилактикалык эсепке алынышты. Мындан тышкары милиция кызматкерлери тарабынан интимдик жайларды уюштургандыгы үчүн 2 шектүүнү аныкташып, камакка алышкан.

«Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары, эгерде сизде интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген адамдар же жерлер тууралу ар кандай маалыматыңыз болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча токтоосуз билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(312) 56-60-43 жана күнү-түнү кыска номери боюнча 102. Анонимдүүлүк кепилденет», — деп берилет билдирүүдө.

 

321