7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте камактагы кишинин аялын шантаж кылып, 50 миң доллар талап кылган шектүү кармалды

136

Бишкекте камактагы кишинин аялынан 50 миң доллар талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине З.С. аттуу жаран А.И.ге карата чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, А.И. арыз ээсинин жолдошу 2026-жылдын 2-мартында УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганын билип, ага карата арыз жазам деп коркуткан. Ошондой эле ал арыз берсе, кырдаал дагы да начарлап кетиши мүмкүн экенин айтып шантаж кылган.

А.И. өзүнө өзгөчө ири өлчөмдө материалдык пайда алуу максатын көздөп, арыз жазуудан баш тартуу жана арыз ээсинин жолдошунун абалына таасир этиши мүмкүн болгон мындан аркы аракеттерди жасабоо үчүн 50 миң доллар талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1971-жылы туулган А.И. жабырлануучу З.С. тарабынан 30 миң долларын алып жаткан учурда кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

137