7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте карызын төлөбөгөн жигитти уурдаган шектүүлөр кармалды (ВИДЕО)

13

Бишкекте жигитти карызын өндүрүү үчүн уурдап кетишкендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-мартта К.А. аттуу жаран уулу К.Н.ны белгисиз адамдар саат 01:00 чамасында Аламедин-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан үлгүдөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-б. (Адам урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 2006-ж.т. М.Н., 2006-ж.т. Ю.Ф., 2007-ж.т. И.Р., ошондой эле 2009-ж.т. А.Р. кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр жаран К.Н.ды мурдагы карыз акча каражатын өндүрүп алуу максатында уурдап кетишкендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында М.Н., Ю.Ф. жана И.Р. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

Ал эми 2009-жылы туулган жашы жете элек А.Р., карата Свердлов райондук соту тарабынан өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

14