7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте киши аялын өлтүргөнүн милицияга өзү кабарлаган

434

Бишкекте 51 жаштагы жаран аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБ кабарлады.

Маалыматка караганда, 19-январь күнү саат 20:28де 102 кызматына телефон чалуу түшкөн. Анда С.И аттуу эркек киши 18-январь күнү жубайы менен уруша кетип өлтүрүп алганын билдирген.

Жерине дароо тергөө-ыкчам тобу барып, факт тастыкталган. Милиционерлер шектүүнү кармап Тергөө кызматына алып келишкен.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча иш козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

435