7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук транспортто кыргызча мультфильмдер көрсөтүлүп баштайт

654

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспортто кыргыз тилинде даярдалган анимациялык фильмдерди шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жана транспорт тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын коомдук транспортторундагы мониторлорго кыргыз тилиндеги кыска анимациялык фильмдер коюла турган болду. Ошондой эле жыйында алгачкы кыргыз тилиндеги анимациялык фильмдер өлкөбүздүн жаш балдарына арналып чыгып жаткандыгы белгиленди.

 

 

 

 

 

 

655