7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Коррупцияга каршы элдик кызмат» бирикмесинин төрагасы пара менен кармалды

631

Бишкекте «Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди «чечип берем» деген шылтоо менен өзүн КР мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен «Коррупцияга каршы элдик кызмат» коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632