7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компаниянын иши токтотулду

103

Бүгүн, 10-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан Бишкек шаарында мыйзам чегинен сырткары иш жүргүзүп келген компания аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулушка эч кандай уруксат кагаздары жок, реестрде катталбаган, мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, социалдык тармактар аркылуу турак үйлөрдү сата баштаган «Arcon» ЖЧКсы аныкталды.

Натыйжада Курулуш министрлиги тарабынан аталган компаниянын иши толук токтотулуп, сатуу бөлүмү жабылды. Ошондой эле бул факты боюнча тиешелүү материалдар Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Курулуш министрлиги мыйзамды бузган ар бир курулуш компанияга карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн жана курулуш иштерин мыйзам чегинде гана жүргүзүүнү эскертет.

«Эгерде курулуш компаниялар, куруп жаткан турак үйлөрүн реестрге каттабастан сатыкка чыгара турган болсо, бул мыйзам бузуу болуп саналат. Натыйжада Жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

104