7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери улантылууда

675

Бишкекте тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Кривоносов көчөсү, 42 дарегиндеги дүкөндүн ээсине 3 миң сом айып салынган.

Ушул эле берененин негизинде Айтматов көчөсүндө жайгашкан «Казань Шаверма» фастфуд пунктуна айып салынган. Тез тамактануучу жайдын кызматкерлери Аламүдүн дарыясынын жээгине таштанды ыргытышкан.

Мындан тышкары, инспекторлор тарабынан күн сайын уруксат берилбеген жеңил курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада Токтоналиев жана Т.Молдо көчөлөрүндөгү эки дүкөн демонтаждалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676