7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте обончу Түмөнбай Колдошовдун «Сүйүү гаммасы» атуу концерти өтөт

1046

Бишкекте 20-февралда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясында обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун «Сүйүү гаммасы» атуу концерти өтөт. Бул тууралуу өзүнө байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.

«Концерт — бул чыгармачыл адамдын угармандарына берген отчету. Бир жылда же мынча убакыттан бери жыйган тергеним ушул деп, «бар тапканын» дасторкондой жаят. Ыр чачыла кыласың. Концерт коюу менен ички дүйнөңдү жаңылайсың, аракеттенесиң, жаңылык жасаганга дилгирленесиң, изденесиң, түйшүк басат, толкунданасың. Буйруса мен дагы 2022-жылы 20-февралда концерт берейин деп жатам.  Бир-эки жаңы обон жазбасам концерт уюштурбайм. Эски ырларым менен элди алдагым келбейт. Ар бир концертимде жаңы обонум болушу керек деген принципте жашайм. Кудайга шүгүр, «армандаш» акындар көп экен алар мени азыктандырып жатышат. Күйөрмандарга ыр чачыла чачып, жан дүйнөнү сергитип, чер жазалы деп турабыз»,- дейт Колдошов.

Белгилей кетсек, Филология илимдеринин кандидаты, доцент, обончу Түмөнбай Колдошов учурда Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжинде директорлук кызматты аркалайт. Анын, «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам», «Элегия», «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң», «Тоолор мени кучактагыла» аттуу бир нече обондору калың элдин катмарына сиңип, белгилүү ырчылар аткарып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1047