7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Октябрь райондук сотунун судьясы каза болду

1450

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Адамкулов Чыңгыз Төлөкович узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чыңгыз Адамкулов 45 жашында дүйнө салды.

Ал эмгек жолун 1996-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1997-1998-жылдары Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешинин катчысы болуп иштеген. Андан кийин 1998-жылы кайрадан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп дайындалган. Иште оң натыйжаларга жетишкендигине байланыштуу 2005-жылдын май айында Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу болуп дайындалган.

Президенттин 2007-жылдын 31-октябрындагы №485 Жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кызматына жана 2015-жылдын 14-августундагы № 159 Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы кызматына жаш курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1451