7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Пакистандык жаранды тоноого шектүү жарандар кармалды

661

 

Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта болжол менен саат 02:45 чамасында «102» кызматына «Ала-Тоо» аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене «каракчылык» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда, 19 жаштагы Пакистан жараны арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак, кайчыга окшош буюмдар менен коркутуп, күч колдонуп, эки Айфон телефонун жана 2 миң сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин жазган.

Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 27, 25, 26 жаштагы 3 жаранды кармашып, Биринчи май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662