7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схема аныкталды

141

УКМК коррупцияга каршы  иш-чаралардын алкагында Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схеманы аныктады.

Аталган мыйзамсыз иштер Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Кылмыш ишинин алкагында  психиатрия жана наркология борборунун эксперт-психологу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары менен алдын ала сүйлөшүп алып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында «акыл-эси жайында эмес» деп мыйзамсыз таануу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

УКМКнын айтымында, тергөөчүнүн орун басары быйыл баңгизат сатууга шектелип кармалган 18 жаштагы кыздын туугандарынан 1,5 млн сом алып, дарыгер менен сүйлөшүү жолу менен “акылы жайында эмес” деген диагноз койдуртуп берген. Атайын кызмат шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизип, коррупцияга тиешеси бар башка адамдарды тактап жатат.

142