7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте өрт өчүрүүчү унаа менен жеңил унаа кагышып айдоочу жабыркады

676

Бишкекте өрт өчүрүүчү унаа менен жеңил унаа кагышып, жол кырсыгынан өрт өчүрүүчү унаанын айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-апрелде саат 20.00 чамасында Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүндө турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн куткаруучулары чыгышып шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы жеңил унаа менен кагылышкан.

Өрт өчүрүүчү унааны атайын үн сигналы жана жаркыраган маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышып, кырсыктын кесепетинен өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, айдоочусу жабыркаган.

Эскерте кетсек, белги берүүчү жарк эткен маяк жана атайын үн сигналы бар унаалар жалпы жол эрежесинен бир катар өзгөчөлүктөр менен камсыз кылынган. Атап айтканда, кимдир бирөөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жол чырагынын белгилерине карабай өтүү укугу берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677