7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттер экологиялык маселелерди талкуулоодо

12

Бишкекте“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооп берген министрликтер жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын эки күндүк отуруму башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.

Жыйында министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиев бул жолугушуу өзгөчө маанилүү мезгилде — Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы “25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге” деген ураан алдында өтүп жатканын айтты. Бул ураан мүчө мамлекеттердин жалпы умтулууларын толук чагылдырат.

Ал ШКУнун алкагында үзгүлтүксүз жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын жалпылыгын, ошондой эле ачык диалогду өнүктүрүүгө жана актуалдуу багыттар боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга болгон кызыгуусун тастыктай турганын билдирди.

Айрыкча экология жана жагымдуу айлана-чөйрө мамлекеттердин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн эң маанилүү негизи болуп саналары, калктын ден соолугун сактоого жана жалпы жыргалчылыктын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытайдан эксперттер келишти. Пакистан менен Ирандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү да жыйынга катышууда, Тажикстан менен Индия онлайн форматта байланышып жатат.

13