7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте сойкулук кылууга жардам кылган деген шек менен аял кармалды

360

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирдин ээси сойкулук кылууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Мындан тышкары анын бир нече кылмыш ишине катыштыгы бар экенин Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, шектүү катары кармалган 50 жаштагы А.З. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үстүнөн А.К. аттуу жаран арыз жазган. Арызда өткөн жылдын 22-июнунда аял жайкы кафеден 14 отургучту уурдап кеткени айтылган. Жабырлануучу келтирилген материалдык чыгымды 35 миң сомго баалаган.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Териштирүү иштеринин алкагында шектүү катары А.З. аттуу аял кармалып, анын алдамчылыкка, бейбаштыкка тиешеси бар экендиги аныкталды. Ошондой эле кармалган аял 167-берене (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча дагы кылмышка шектелүүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда»,  дешти мекемеден.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

361