7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте суу тартыштыгы жоюлуп, чектөөлөрдүн бардыгы алынды

709

Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.

Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында аталган жайлардын жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды.

«Суунун тартыштыгынан улам мурда киргизилген чектөөлөр көптөгөн ишканаларга жана шаар тургундарына кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратты. Бирок, бизнес чөйрөсүнүн жана калктын биргелешкен аракетинин натыйжасында көйгөйдөн чыгууга жана суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болду», — деп белгилешти мэриядан.

Кырдаалдагы оң өзгөрүүлөргө карабастан, «Бишкексууканал» башкармалыгы бардык тараптарды мындан ары да суу ресурстарына кам көрүүгө жана ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710