7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «TalentforBIZ» карьера жарманкеси өттү

408

Бишкекте 7-декабрда Түркиянын президенттик аппаратынын адам ресурстары башкармалыгы тарабынан уюштурулган түрк фирмаларында жумуш мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган «TalentforBIZ» карьера жарманкеси өттү.

Жаш таланттарды эл аралык жумуш жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү менен жакындатууну максат кылган TalentforBIZ жарманкеси 2019-жылдан тарта, 10 өлкөдө өткөрүлүп келет. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн иш-чара Бишкектеги жаштар менен бизнес чөйрөсүнүн ортосунда көпүрө болду. Карьера жарманкесине борбордогу бардык ЖОЖдордон 1600 студент катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар түрк компаниялары тарабынан сунушталган жумуш жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле жумуш тууралуу маектешүү тажрыйбасын жакшыртышты жана адам ресурстары боюнча эксперттер менен жекеме-жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Президенттик аппараттын адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Салим Атай иш-чаранын ийгиликтүү өткөнүн билдирди.

«Биз Кыргызстанга биринчи жолу келип жатабыз жана бул жерде болгонубузга абдан кубанычтабыз. Бүгүнкү иш-чарабыз жогорку деңгээлде өттү. Биздин жарманкеге Бишкектин бардык ЖОЖдорунан катышуучулар келишти»,-деди ал.

TalentforBIZ жаштардын эл аралык эмгек рыногунда орун алышына колдоо көрсөтүүнү жана түрк фирмаларын квалификациялуу таланттар менен жакындаштырууну максат кылат.

 

409