7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте таштандыны жер астында сактоочу жайлар иштей баштады

894

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиевдин катышуусунда Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыларды жер астындагы сактоочу жайдын долбоору боюнча иш чара болду.

Иш-чара “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Аянтча 2 таштанды контейнери менен жабдылган. Мындан тышкары 10 жерге коюлат. Келечекте баардык таштандылар ушундай абалга өтүшү күтүлүүдө.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын тендерине ылайык, долбоорду Түркиянын ОсОО «Агентство Интернэшнл Консалтинг» ЖЧК компаниясы ишке ашырууда.

Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө, ошондой эле шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда таштанды контейнерлеринин жана участокторунун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары жолбун жаныбарлардын чогулган  жери болбойт.

Белгилей кетсек, долбоор борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун көзөмөлүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895