7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү

16

Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейинде улуу акын, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эскерүү кечесине Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов, Маданият башкармалыгына караштуу Мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова, ошондой эле композитордун туугандары, санжырачы Канатбек Казыбеков, Ашыралы Айталиевдин уулу Мыктыбек Бөлөкбалаев сыяктуу ардактуу коноктор катышты.

Мындан тышкары, «Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо жөнүндө» концепциясынын алкагында №69 мектептин комузчулар ансамбли жана Ысык-Ата районундагы А. Айталиев атындагы мектептин ооз-комуз ансамбли Токтогул Сатылгановдун белгилүү күүлөрүн аткарып, кечеге өзгөчө маанай тартуулашты.

Кеченин жүрүшүндө анын өмүр жолу, чыгармачылык изденүүлөрү жана кыргыз адабияты менен музыкасына кошкон баа жеткис салымы тууралуу мазмундуу баяндамалар жасалды. Катышуучулар улуу мурастын түбөлүктүүлүгүн баса белгилеп, жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтоого жана сактоого чакырышты.

Белгилей кетсек, улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Токтогул Сатылганов атындагы Адабият музейинин абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү каражаттар бөлүнүп, реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

17