7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте тоноочулукка шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

733

Бишкек шаарынын жашоочусун тоногон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы августь айында Бишке шаарынын 28 жаштагы тургунун тоноп кетишкен. Бишкек шаарынын базарларынын биринен жабырлануучунун жанына бир белгисиз жаран келип, физикалык күч колдоном деп коркутуп, 6000 сом акча каражатын, өздүк буюмдарын, анын ичинде документтерин тартып алган.

Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттер боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал мурда тоноочу менен тааныш болбогонун жана эч кандай байланышы жоктугун билдирген.

Бул факты аймактык ИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун аймагындагы айылдардын биринен тоноого шектүү катары 1996-жылы туулган Талас облусунун тургуну М.М. аттуу кармалды. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734