7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте велосипед уурдоого шектелгендер кармалды

251

Бишкекте велосипед уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-октябрында милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү бир нече киши көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден баасы 28 миң сомду түзгөн эки велосипедди уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Уурулук» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Издөө иш-чаралынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 15 жаштагы С.Г., Б.Д., аттуу өспүрүм балдар жана 21 жаштагы П.С. аттуу жаран кармалган.

Ал эми экөө жашы жете электигине байланыштуу келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен чыгарылган. Алар ушул сыяктуу кылмыштардын дагы сегиз фактысын жасаган деп шектелүүдө. Тинтүү учурунда он велосипед алынган», — деп айтылат маалыматта

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

252