7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жабырлануучунун 45 миң долларлык унаасын алдап алып, качып жүргөн жаран кармалды

338

Бишкек милиция кызматкерлери ири суммадагы алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБне Т.А. аттуу жарандан «А.» аттуу жаранга чара көрүү жөнүндө арыз келип түшкөн. Айыпталуучу ошол эле жылдын октябрь айында 7-кичи районунан жабырлануучунун ишеничине кирип 2016-жылы чыккан 45 миң АКШ долларлык «Range Rover Sports» үлгүсүндөгү автоунаасын алып, акчасын ошол бойдон бербей из жашырган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 204-беренесине (алдамчылык) ылайык сотко чейинки тергөө иши башталган.Октябрь райондук ИИБнин ыкчам-иликтөө иликтөө иш-чараларынын алкагында 1997-жылы туулган А.У. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогу тууралуу ыкчам тергөө иш аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

339