7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жигит аялдын 800 лирасын, 5 миң сомун жана Айфонун карактап кеткен

638

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкектин тургуну (аял киши) чала таанышына чара көрүүнү суранып, арыз жазган.  Арызда 12-март күнү саат 04:00 чамасында физикалык зомбулук көрсөтүп акчалай 800 лирасын, 5000 сомун жана Айфон 11 уюлдук телефонун ээлеп алган, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине ылайык (тоноо) кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, шектүүнүн кылмыштын башка фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639